НАТОнун Ооганстандагы миссиясы аяктады

Мындан кийин өлкөнүн коопсуздугуна ооган күчтөрү жооптуу болот

164157
НАТОнун Ооганстандагы миссиясы аяктады

НАТОнун Ооганстандагы 13 жылга созулган миссиясы аяктады.
АКШнын жетекчилигиндеги НАТО күчтөрүнүн Ооганстандагы миссиясы борбор шаар Кабулда өткөрүлгөн азем менен кечээ расмий түрдө аяктады.
13 жыл мурда 57 өлкөнүн кошулуусу менен башталган Коопсуздукту сактоочу эларалык күчтөрдүн миссиясы жаңы жылдан тарта «Чечкиндүү колдоо көрсөтүү» миссиясы деп өзгөрөт.
Ушул алкакта 11 миңи америкалык 13 миң 500 чет элдик аскер, ооган күчтөрүнө билим берүү, кеңешүү жана жардам көрсөтүлүүсү үчүн өлкөдө калат.
Мындан кийин өлкөнүн коопсуздугуна ооган коопсуздук күчтөрү жооптуу болот. Америка аскерлери болсо жалгыз гана абадан колдоо көрсөтүшөт.
Америкалык аскерлер керектүү учурларда террор менен күрөшүү операцияларына да катыша алышат.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар