Адриатика деңизинде кеме өрттөндү

Ушул убакка дейре 316 киши кемеден чыгарылды.

164413
Адриатика деңизинде кеме өрттөндү

422 жүргүнчү жана 56 экипажы менен Грециядан Италияга бараткан паром өрттөнүп, Греция тектүү бир жүргүнчү каза болду.
2 жүргүнчү жана 2 куткаруучу топтон турган 4 киши жаракат алды.
52 түрк жүргүнчү орун алган паромдо өрттүн өчүрүлгөнү билдирилди.
Таң аткыча уланган куткаруу иштеринде ушул убакка дейре 345 киши кемеден чыгарылды.
Кемеден чыгарылган жүргүнчүлөрдүн айрымдары тик учарлар менен Италиянын түштүгүндөгү Пуглиа аймагынын жээктерине жеткирилип жатат.
Пуглиа аймагындагы ооруканаларга алып барылган 30 чакты кишиден 4ү түрк жараны болуп чыкты. Түрк жүргүнчүлөрдүн саламаттык абалдары жакшы экендиги белгилүү болду.
Бул учурда Сингапур желеги илинген жүк кемесинин паромдон куткарган 49 жүргүнчүнү Италиянын жээгине алып барганы билдирилди. Ал эми аба-ырайынын начардыгынан Бриндиси портуна жакындай албаган кеменин Бари портуна барганы билдирилди.
Бир тараптан Италиянын Равенна портуна жакын жерде Түркиянын желеги илинген «Гөкбел» аттуу жүк ташуучу кеме, Белиздин желеги илинген башка бир кеме менен кагылышып чөктү.
Кемедеги 11 түрк экипаждын 5өө куткарылды, 2өөнүн сөөгү чыгарылды.
Жоголгон 4 экипаж болсо изделип жатат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар