Цунами апаатынын 10 - жылы

230 миңге жакын киши апааттын 10 – жылында эскерилди

161454
Цунами апаатынын 10 -  жылы

Инд океанындагы жер титирөөдө пайда болгон цунамиде каза болгон 230 миңге жакын киши апааттын 10 – жылында эскерилди. Эскерүү салтанаттары апааттан эң аз таасирленген жерлердин башында келген Индонезиянын Аче аймагында башталды.
Вице – президент Юсуф Калла цунами курмандыктары үчүн тургузулган эстеликти зыярат кылды. Калла эскерүү жыйынында апааттан кийин жардам колун узаткан 35 өлкөнүн элчилерине рахмат айтты.
Индонезиялыктар да шаарда цунамиден калган имараттардан болгон Чоң мечитте жыйналып дуба кылуу менен каза болгондорду эскерди. Деңизге гүлдөр ташталды.
Индия Шри Ланка жана Таиландда да салтанаттар өткөрүлдү.
Тарыхтын эң чоң табигый апааттарынын бири болгон цунами океан жээгиндеги 14 өлкөдө чоң жоготууга жол ачкан.
Каза болгондордун толук саны да билинбейт. Себеби толкун баскан кээ бир отурукташуу жерлеринин калкынын саны белгилүү эмес эле.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар