Пентагон ИШИМ менен күрөшүүсүн улантууда

Пентагон 1300 аскердин Иракка жиберлерин билдирди

153523
Пентагон ИШИМ менен күрөшүүсүн улантууда

АКШнын коргоо министрлиги Пентагон Ирак коопсуздук күчтөрүнүн террордук уюм ИШИМ менен күрөшүнө жардам берүү үчүн көпчүлүгү парашют бөлүгүнө таандык 1300 аскердин Иракка жиберлерин билдирди.
Пентагон өткөн айда Иракка жиберилери билдирилген 1500 аскердин 1300нүн жаңы жылда Иракка барууга даяр экенин жарыялады.
Бюджеттин конгресстен өтүүсүнөн кийин АКШнын коргоо министрлиги 100гө жакын аскердин келерки жылдын биринчи айында Иракка жиберилүүсүн бекиткен болчу. Иракка бара турган аскерлер 9 ай бул өлкөдө кызмат кылат. Сөзү болгон аскерлер Ирак коопсуздук күчтөрүн машыктырат. Кошумча 300 аскер болсо чалгындоо кабарларын чогултуу, тылдык жана байланыш тармактарында кызмат кылат. Иракта 1600гө жакын Америка аскери бар.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар