Эбола менен күрөшүү уланып жатат

Сьерра-Леонеде вирусту жугузуп алган дагы бир доктур каза болду.

152919
Эбола менен күрөшүү уланып жатат

Эбола менен күрөшүү уланып жатат.
Бардык чара көрүүлөргө карабастан Сьерра-Леонеде вирусту жугузуп алган дагы бир доктур каза болду.
Ушундайча Батыш Африкада эбола вирусунан каза болгон медицина кызматкерлеринин саны 350гө жетти.
Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму да GSK деп аталган эболага каршы жаңы вакцинанын Швейцариядагы сыноосу уланып жатканын билдирди.
Сыноо иши ийгиликтүү болсо 2015-жылдын февраль айынан тарта колдонула баштайт.
Кытайлык аскердик доктурлардын да эбола менен күрөшүүдө жаңы вакцина жасагандары маалымдалды.
Вакцинаны кургак жана тоңдурулган абалда сактаса боло турганы белгиленди.
Кытай эбола менен күрөшүүгө колдоо көрсөтүү үчүн Сьерра-Леонеде курган жогорку биологиялык лаборотория жылдын аягына чейин бүтүрүлүп тейлөөгө ачыла турганы билдирилди.
Сьерра-Леоненин Моямба шаарында курулган 100 орундуу эбола ооруканасында акыркы даярдыктар аяктады.
Катуу чараларды көргөн медицина кызматкерлери эбола вирусун жугузуп алган оорулууларды дарылашат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар