14 - Дүйнөлүк Нобель тынчтык сыйлыгы ээлеринин саммити башталды

Үч күнгө созула турган саммит 14 - декабрь жекшемби күнү жабылуу отурумдары жана үй – бүлө фотографиясынын тартылуусу менен аяктайт

147171
14 -  Дүйнөлүк Нобель тынчтык сыйлыгы ээлеринин саммити башталды

Италиянын борбор шаары Римдеги «Тынчтык» темасына көңүл бурган саммитке тамгасын баскан абал болсо католик ааламынын руханий лидери папа Францисктин Далай Ламага күн бербеши болду.
Италия басма сөзүндө чыккан кабарларда тибеттик руханий лидердин папа Франциск менен жолугушуу үчүн күн талап кылганы, бирок Ватикандын кыска убакыт мурункусуна чейин карым – катнаштары жакшы болбогон жана түзөлүүгө кирген Кытай менен карым – катнаштардын бузулбашы үчүн күн бербегени белгиленди. Бул абал 14 - Нобель тынчтык сыйлыгы ээлеринин саммитинин биринчи күнүнө да таасирин тийгизип, 1997 - жылы миналарга тыюу салуу боюнча көрсөткөн кыймылдарынан улам Нобель тынчтык сыйлыгына ылайык көрүлгөн АКШлык активист Жоди Уильямс папа Францисктин Далай Лама менен сүйлөшпөгөнүн сынга алды. Үч күнгө созула турган саммит 14 - декабрь жекшемби күнү жабылуу отурумдары жана үй – бүлө фотографиясынын тартылуусу менен аяктайт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар