Эболадан каза болгондордун саны 6 миңден ашты

Ооруну жугузуп алгандардын саны 17 миң 942 кишиге жетти.

144728
Эболадан каза болгондордун саны 6 миңден ашты

Эболадан каза болгондордун саны 6 миңден ашты.
Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму Батыш Африка өлкөсү Сьерра-Леонеде ооруну жугузуп алгандардын саны арткандыктан эбола вирусунан каза тапкандардын саны 6 миңден ашканын билдирди.
Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, ооруну жугузуп алгандардын көпчүлүгү Либерия, Гвинея жана Сьерра-Леонеде болуп бардыгы 17 миң 942 киши катталганы маалымдалды.
Эболадан жабыр тарткандардын көбү Сьерра-Леонеде экени белгиленген билдирүүдө, ооруга кабылгандардын саны Гвинеяда ылдам өсүп жатканы Либерияда болсо төмөндөгөнү сөз кылынды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар