Косовада 6 айдан бери болуп келе жаткан кризис соңуна чыкты

Жалпы шайлоолордон 6 айдан кийин кечээ жаңы өкмөт курулду

143477
Косовада 6 айдан бери болуп келе жаткан кризис соңуна чыкты

Парламентте өкмөт үчүн өткөрүлгөн ишеним добуш берүүдө 73 кабыл, 38 четке каккан, 2 арсар добуш берилди. Косова Демократиялык Биримдиктин төрагасы Иса Мустафа Косованын жаңы премьер – министри болду.
Мурунку премьер – министр жана азыркы коалиция ортогу Косова Демократиялык партиясынын лидери Хашим Тачи жаңы өкмөттө вице – премьер жана тышкы иштер министри катары ордун алды. Косова Демократиялык Түрк партиясынын лидери Махир Ягжылар болсо жаңы өкмөттө ордун сактап жана административдик башкаруу боюнча министр болду. Махир Ягжылардын кайрадан министрлик кызматына шайлануусу Косова түрктөрүн кубантты. Ишеним добуш берүүсүнөн кийин жаңы өкмөттүн мүчөлөрү ант беришти. Иса Мустафа жаңы өкмөттүн бардык Косова жарандарынын дагы жакшы келечекке жетишүүсү үчүн иштей турганын айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар