Эбола вирусу ылдам  жайылууда

Сьерра-Леоне, Либерия жана Гвинеяда эболадан 6 миң 300дөн ашуу киши каза болду.

143387
Эбола вирусу ылдам  жайылууда

Эбола вирусу дагы эле Сьерра-Леонеде жана Гвинеяда ылдам жайылып баратат.
БУУнун баш катчысынын эбола боюнча атайын өкүлү Дэвид Набарро эбола вирусунан жабыр тарткан Батыш Африкадагы 4 өлкөгө сапарларынан кийин Женевада маалымат жыйынын өткөрдү.
Набарро өзгөчө дагы эле дарылоо борборлору ачылып жаткан Сьерра-Леонеде эбола менен күрөшүү үчүн дагы көп медицина кызматкери жана орун керек экенин билдирди.
БУУнун өкүлү, дүйнөнүн ар башка аймактарына барып коркунучтуу кырдаалда иштеген медицина кызматкерлеринине ырахмат айтты.
Дүйнөгө коркунуч туудурган бул вируска каршы ийгиликтүү күрөшүү үчүн бирдей максат, пландоо жана бирдиктүүлүк шарт экенин баса белгиледи.
Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму да вирусту алдын алуу иштеринде жылыш бар экенин белгилеп, эболанын жайылып кетүү коркунучу уланып жатканы боюнча эскертти.
Эбола вирусунан эң көп жабыр тарткан Сьерра-Леоне, Либерия жана Гвинеяда 6 миң 300дөн ашуу киши каза болду.
Вирусту жугузуп алгандардын саны болсо 18 миңге жакындагандыгы билдирилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар