100 миң сириялык өнүккөн өлкөлөргө баш калкалайт

Түркия менен коңшу өлкөлөрдүн жүгүн жеңилдетүү максатында өнүккөн өлкөлөр сириялыктарды кабыл алууга даяр экендиктерин билдиришти.

142969
100 миң сириялык өнүккөн өлкөлөргө баш калкалайт

100 миң сириялык өнүккөн өлкөлөргө баш калкалайт.
БУУ өнүккөн өлкөлөрдүн Түркия жана башка коңшу өлкөлөрдүн жүгүн жеңилдетүү максатында орто эсеп менен 100 миң сириялыкты өлкөлөрүнө кабыл ала тургандарын убада кылгандарын билдирди.
БУУнун Женевадагы кеңсесинде Түркия менен коңшу өлкөлөрдөгү сириялыктардын башка өлкөлөргө жөнөтүлүүсү жана кайрадан жайгаштырылуусу боюнча өткөрүлгөн конференцияга айрымдары министрлер деңгээлинде болжол менен 40 өлкөдөн өкүлдөр катышты.
Жыйынга катышкандар өлкөлөрүнө кабыл алына турган сириялыктардын саны туурасунда убадаларын билдиришти.
Конференциянын алдында Бириккен Улуттар уюму өнүккөн өлкөлөргө дагы көп сириялыктарды кабыл алуу чакырыгын салып, 2016-жылга чейин 130 миң сириялыкты кабыл алууга чакырган болчу.
Конференцияда Швеция менен Германиянын эң көп сириялыкты кабыл алган Европа өлкөлөрү экени сөз кылынды.
АКШ да 9 миң сириялыкты кабыл алууга даяр экенин билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар