Сауд Арабстанда биринчи жолу бир аял ресторан ачты

Ташталган жаңы кадамдар менен өлкөдө аял укуктары дагы бир аз кеңейди

142340
Сауд Арабстанда биринчи жолу бир аял ресторан ачты

Январь айында бир аял тарабынан ачылган адвокаттык бюросунан кийин эми сауд бир аял ресторан иштете баштады. Айрыкча жаш демилгечи Ухуд Абдел Хафез түрк ашканасын тандады. Түрк ашычылары бышыра турган Адана жана Хатай тамактары саудиялыктарга сунушталат. Ишкана ээси аял болуп ачылууга да абдан маанилүү ысымдар катышты. Соода палатасынын төрагасы Эмир Абдуллах бин Мухаммед Сууд жана Түркиянын Жидда башкы консулу Фикрет Өзер ачылууга катышты. Өткөн жылы аялдарга иштөө укугу таанылган бирок иш жерлерин ачуу уруксаты; сулуулук залы, мебель галереясы жана кийим дүкөндөрү сыяктуу тармактар менен чектелген. Ташталган жаңы кадамдар менен өлкөдө аял укуктары дагы бир аз кеңейди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар