Эштон Картер коргоо министрлигине талапкер
АКШнын президенти Барак Обама коргоо министрлигине Эштон Картерди талапкер көрсөттү
Чак Хейглдин өткөн жумада коргоо министрлигинен кетүүсү менен президент Барак Обама министрликте 2011 – 2013 – жылдарда министрдин орун басары кызматын аткарган Картерди талапкер кылып көрсөткөнүн билдирди. Президент Обманын Картерди тандоосунун себебинин бири Картердин министрликтин ичинен келген бир ысым болуусу. Эл аралык тармакта таанылган Картердин Демократ жана республикачыл министрлер менен бирге иштөөсү да талапкерлигинин алдын ачкан башка бир себеп.
Вице – президент Жо Байден да катышкан салтанатка Чак Хейгл катышкан жок. Андан мурда Чак Хейгл жана Леон Панетта менен иштеген Картер Пентагондо да ар кандай кызматтарды аткарган. Картердин министрлик кызматын расмий түрдө баштоосу үчүн талапкерлигинин сенат тарабынан бекитилүүсү керек.
Тектеш кабарлар
Кремль орус жарандарына Ливандан чыгып кетүүнү сунуштады
Песков Израилдин Ливанга кол салууларына байланыштуу журналисттерге билдирүү жасады.