БУУнун качкындар отчету

Отчетка караганда бир жылдын ичинде 54 миң киши үмүт жолчулугуна чыккан

138821
БУУнун качкындар отчету

БУУнун Качкындар Жогорку Комиссарлыгы Бангладеш жана Мьянмадан жолго чыккан мыйзамсыз качкындар тууралуу отчет жарыялады. Отчетко караганда акыркы бир жылдын ичинде 54 миң киши үмүт үчүн жолчулукка чыкты жана Инд океанында 540 киши каза болду.
Эки өлкөдө өткөн жылдарга караганда адам сатууда өсүүнүн болгону белгиленген отчетко караганда мыйзамсыз көчмөндөрдүн көпчүлүгү Мьянмадагы мусулман рохиньгия азчылыгынан. БУУнун дүйнөдө эң көп бөлүүчүлүккө учураган азчылыктардын бирөөсү катары кабыл алган рохиньгиялар адам катары жашоо үмүтү менен адам сатуучуларга кардар болушууда.
Рохиньгиялардын бир бөлүгү паромдорунун батуусу менен океанда каза болуп, бир бөлүгү да мафия тарабынан Таиланд токойлоруна качырылууда, бир бөлүгү да жээк коопсуздугу тарабынан кармалып өлкөлөрүнө тапшырылууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар