НАТОго мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери чогулду

2015-жылдын 1-январынан баштап НАТОнун офицерлери афган коопсуздук күчтөрүнө билим берет жана кеңешчилик кызматын кылат.

136340
НАТОго мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери чогулду

НАТОнун шериктештери дагы бир жолу тегерек үстөлдө жолугушту.
НАТОго мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Брюсселде чогулду.
Сентябрдагы Уэльс саммитинде токтом чыгарылганы боюнча даярдык кыймыл планы кеңири сүйлөшүлгөн жыйналышта Украина, Афганстан, Ирак жана Сириядагы абалдарга баа берилди.
Түркияны тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу өкүлдүк кылган жыйналышта учурдагы коргонуу көлөмүнүн күчөтүлүшү менен катар «чечкиндүү колдоо миссиясынын» алкагында Украина, Афганстан жана Ирак армиясы менен кызматташтык күн тартипке келди.
Афганстандан согуштук күчтөр толугу менен чыга турган 2015-жылдын 1-январынан баштап НАТОнун офицерлери афган коопсуздук күчтөрүнө билим берет жана кеңешчилик кызматын кылат.
Жаңы мезгил сүйлөшүлгөн жыйынга Афганстандын президенти Ашраф Гани жана аткаруу делегациясынын төрагасы Абдуллах Абдуллах да катышты.
Ашраф Гани Афганстандын өз тагдырын белгилөөдө чечкиндүү болгонун, согуш менен өткөн жылдардын ордун толтуруу жана зомбулук балээсинен кутулгусу келгендерин айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар