Мевлүт Чавушоглу Сергей Лавров менен жолукту

Жолугушууда көптөгөн тема каралды.

210557
Мевлүт Чавушоглу Сергей Лавров менен жолукту

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Түркияга сапарынын алдында тышкы иштер министр Сергей Лавров Анкарага келди.
Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Түркия-Орусия жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин бешинчи жыйынынын алдында жолугушту.
Лавров менен Чавушоглу жыйынга байланыштуу акыркы даярдыктарды карап чыгышты жана келечектеги сапарлар тууралуу сүйлөшүштү.
Түркия менен Орусиянын ортосундагы эки тараптуу, экономикалык жана соода карым-катнаштары менен туризм темалары каралган жолугушууда Сирия, Ирак, Украина жана Кипр сыяктуу аймактык маселелер да талкууланды.
Чавушоглу жолугушууда Түркия Орусиянын Крымды кошуп алуусун тааныбай турганын кайталады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар