Шыңжан уйгур автоном аймагындагы кол салууда 15 киши каза болду

Бомбалуу жана бычактуу кол салууда 14 кишинин да жараланганы билдирилди

209559
Шыңжан уйгур автоном аймагындагы кол салууда 15 киши каза болду

Синьхуа агенттиги (Яркент) Шачы поселогунда кечээ болгон окуяда араларында 11 кол салуучу да болгон 15 кишинин каза болгонун жарыялады. Жергиликтүү булактар да бир группанын поселокто ашкана жана буфеттер көп болгон базар жерине алып келген бомбаларды жардырып, калкка бычак менен кол салганын жарыялады. Окуяда 4 кишинин каза болгону «кол салуучу» экени айтылган 11 кишинин болсо коопсуздук күчтөрү тарабынан атылып өлтүрүлгөнү белгиленди. Шачы поселогунда өткөн июль айында болгон окуяларда 96 киши каза болгон. Окуя тууралуу Кашкар Орто Элдик Сотундагы доодо кол салууларды уюштурганы ортого салынган 27 кишиге өлүм жазасы берилген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар