АКШнын коргоо министри кызматынан кетти

Коргоо министри Чак Хейглдин кызматын таштоосун Американын президенти жарыялады.

204878
АКШнын коргоо министри кызматынан кетти

Америка Кошмо Штаттарынын коргоо министри Чак Хейгл кызматын таштады.
АКШнын президенти Барак Обама Хейглдин кызматтан кетүүсүн, «Так, туура убакыт»-деп жарыялады.
Афганстан жана ИШИМ темасында Обама башкаруучулугуна келген сындоолордун айынан бир топтон бери кызматын таштоо үчүн кысым көргөн Чак Хейглдин кызматын таштоосун Американын президенти жарыялады.
Хейглдин армияга берилип кызмат кылган жакын досу болгонун белгилеген Обама: «Ага ушул убакка дейре чын дилден жүргүзгөн кеңешчилик кызматынан улам ырахмат айтамын. Ал эми анын кызматтан кетүүсү үчүн бул туура убак. Муну андан 1 ай мурда талап кылган элем»,-деп айтты.
Хейгл да өз сөзүндө мындан кийин да Америка башкаруучулугуна кызмат кылуусун уланта турганын айтты.
Чак Хейгл Америка башкаруучулугун белгилүү бир Сирия саясаты болбогондугу себеби менен сындап жаткан эле.
Хейгл ИШИМ темасында Вашингтон дагы орток көз караш түзбөстөн, «Биздин ушул убакка дейре көргөндөрүбүздөн башка нерсе, ар ким үчүн коркунуч»,деген сөздөрдү айтты.
Обаманын кабинетиндеги жалгыз республикачыл ысым болгон Хейглдин кетишинен кийин АКШнын ИШИМге каршы саясатында өзгөртүү жасай турганы күтүлүүдө.
Вьетнам ардагери Чак Хейгл жаңы коргоо министри белгиленгенге чейин кызмат орунунда турат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар