Жер жүзүнүн дарыгерлеринен Сирияга медициналык жардам
Жер жүзүнүн дарыгерлеринин кагылышуулар башталган учурдан баштап аймакка 30 миллион лиралык саламаттыкты сактоо жардам бергени билдирилди.
![Жер жүзүнүн дарыгерлеринен Сирияга медициналык жардам](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/10-11/Files/UploadedImages/5777722525yeryzdoktorlar.jpg?time=1718786649)
Жер жүзүнүн дарыгерлери Сирияга 3 миң 900 кан токтотуучу прибор жиберди. Жер жүзүнүн дарыгерлеринен жасалган маалыматта согуштан улам өлкөдө саламаттыкты сактоо, билим берүү, коопсуздук сыяктуу коомдук тейлөөлөрдүн чоң өлчөмдө бериле албаганы эске салынды. Керек болсо материалдардын жетишсиздиги, керек болсо биринчи жардам маалыматынын кемчилигинен улам калктын бул маселени чечүүгө карата аракетинин текке кеткени билдирилген маалыматта ушул максатта кан токтотуучу прибордун жиберилүүсүнө чечим чыгарылганы белгиленди. Маалыматта Жер жүзүнүн дарыгерлеринин кагылышуулар башталган учурдан баштап аймакка 30 миллион лиралык саламаттыкты сактоо жардам бергени билдирилди.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718786650)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.