Нетаньяху үйлөрдү кулатуу жолдомосун берди

Тони Блэр сниагогага кол салууну айыптады

195438
Нетаньяху үйлөрдү кулатуу жолдомосун берди

Иерусалимде синагогага жасалган кол салуудан киийн Израилдин премьер – министри Беньямин Нетаньяху кол салуу учурунда каза болгон эки палестиналыктын үйлөрүн кулатуу жолдомосун берди. Нетаньяху айрыкча кол салууларды көкүткөндөргө бериле турган жазаларды да күчтөндүрүү чечимин чыгарды. Сөзү болгон чечимдердин жалпы өлкөдө коопсуздукту күчтөндүрүү үчүн ишке ашырыла турган чараларга кошумча катары чыгарылганы билдирилди.
АКШнын президенти Барак Обама жана Жакынкы Чыгыш төрттүгүнүн өкүлү жана Англиянын мурунку премьер – министри Тони Блэр сниагогага кол салууну айыптады. Обама израилдик жана палестиналык лидерлерди калкты тынчтандыруу, соккуну четке кагуу жана тынчтыкка карата жол табуу үчүн кызматташтык түзүүгө чакырды. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун кол салууну айыптап тараптарды провакациялык сөздөрдөн алыс турууга чакырды.
Бир тараптан Иерусалимде палестиналык бир киши еврей отурукташуучулар тарабынан бычакталды. Палестиналыктын абалынын оор экени билдирилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар