Афганстанда террордук кол салуу
Өлкөдө өткөн күндөрдө да бир полиция шефи жана бир аял парламентарды бутага алган кол салуу болгон
194147
Талибан террористтери борбор шаар Кабулда чет элдиктер жашап жаткан турак жайды бутага алды, кол салууда эки коопсуздук кызматкери жана эки террорист аза болду. Бомба жайгаштырылган бир унаа менен турак жайдын короого ачылган каалгасын жардырган террористтер андан кийин автоматтар менен турак жайга кирүүгө аракет кылышты. Тегеректе абдан чоң дүрбөлөңгө жол ачкан кагылышууда эки коопсуздук кызматкери жана эки террорист каза болду. Өлкөдө өткөн күндөрдө да бир полиция шефи жана бир аял парламентарды бутага алган кол салуу болуп, бутага алынган кишилер зыян тартпастан тегеректеги көп сандаган киши жараланган.