Эйде Түркия эрежени бузбагандыгын билдирди

Эйде жалгандан белгиленген экономикалык зонанын Рум бөлүгүнүн жээк сууларына кирбей турганын айтты.

189315
Эйде Түркия эрежени бузбагандыгын билдирди

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын Кипр боюнча атайын өкүлү Эспен Барт Эйде Рум бөлүгүнүн жалгандан белгилеп алган «экономикалык зона» катары жарыялаган аймактагы түрк кемелеринин иштеринин эл аралык укукка ылайык болгонун айтты.
Кипрдын Рум бөлүгү Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги изилдөө аракеттеринин себебинен Түркияны БУУга даттанууга даярданып жаткан эле. Ал эми БУУдан алар күтпөгөн жооп келди.
БУУнун баш катчысынын Кипр боюнча атайын өкүлү Түркиянын иш-чараларынын эл аралык эрежелерге ылайык болгонун билдирди.
Эйде жалгандан белгиленген экономикалык зонанын Рум бөлүгүнүн жээк сууларына кирбей турганын айтты.
Жаратылыш газга байланыштуу маселе чечилмейинче чыңалуу дагы да күчөй турганын эскерткен Эйде, углеводороддук булактардын аралдагы эки коомчулуктун орток мүлкү экендигин дагы бир жолу баса белгиледи.
Эйде: «Менин оюмча булар бириккенден кийин курула турган федералдык өкмөттүн камтуу аянтына кирет»,-деди.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар