Давутоглу дүйнө жүзүн Халебге көңүл бурууга чакырды

Ахмет Давутоглу Чоң жыйырма саммити үчүн Австралияга аттанаарда Сириядагы абалга да токтолду.

189107
Давутоглу дүйнө жүзүн Халебге көңүл бурууга чакырды

Давутоглу дүйнө жүзү Халебдеги апаатты карап гана турганын айтты.
Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу Чоң жыйырма саммити үчүн Австралияга аттанаарда Сириядагы абалга да токтолду.
Асад күчтөрүнүн Халеб чек арасын курчап жана элди кыруу коркунучун белгилеген Давутоглу: «Халеб темасында санааркап жатабыз жана каршы чыгабыз. Дүйнө жүзү бул апаатты карап гана турат»,-деди.
Эл аралык чөйрөлөрдүн террор уюму ИШИМдин кол салууларына дуушар болгон Кобани районуна көрсөткөн кызыгууну Асад режиминин кыргындарына дуушар болгон Халеб калкы үчүн да көрсөтпөгөндөрүнө каршы чыкты.
Давутоглу: «Халеб сыяктуу чоң шаарда абдан чоң апаат болгонуна карабастан Сирия режимине каршы чара көрүлбөй жатса, ал тургай каршылык да көрсөтүлбөй жатса мунун изилдениши керек»,-деди.
Премьер-министр Давутоглу: «Чоң жыйырма саммитинде бардык катышуучулар менен бул темаларды карайбыз, Халебдеги бул адамзаттык трагедиянын токтотулушу үчүн ар ким тийиштүү кадамдарды ташташы боюнча чакырык салабыз»,-деп айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар