БУУ Украина тууралуу тынчсызданууда

Франдзен : «Орусия – Украина чек арасынын коопсуздгунун түзүлө албашы тынчтыкка кеткен жолдогу бөгөттөрдүн бири»,- деди.

188706
БУУ Украина тууралуу тынчсызданууда

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Украинанын чакыруусу менен өлкөнүн чыгышындагы аскердик кыймылдуулукту сүйлөшүү үчүн чукул жыйын өткөрдү. БУУнун баш катчысынын орун басары Тойберг - Франдзен : «Украинанын чыгышында кайрадан кенен машстабдуу бир кагылышууга кайтуусу ыктымалынан тынчсыздануудабыз»,- деди. Франдзен : «Орусия – Украина чек арасынын коопсуздгунун түзүлө албашы тынчтыкка кеткен жолдогу бөгөттөрдүн бири»,- деди.
ЕККУнун Украина атайын байкоочу миссиясынын төрагасы Эртугрул Апакан да кеңешке телеконференция аркылуу байланышып аймактагы абалдар жана ЕККУ байкоочулары беттешкен кыйынчылыктардан сөз кылды. АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Саманта Повер да Орусиянын Украинанын эгемендик жана жеринин бүтүндүгүн бузганын белгилеп, Орусияны берген убадасында турбоо жана жикчилдерге курал берүү менен күнөөлөдү.
Англиянын БУУмундагы туруктуу өкүлү Лиолл Грант Орусияга аскерлерин жана куралдарын Украинадан алууга чакырып, Орусиянын кыймылдарынын Украинанын жеринин бүтүндүгү жана эгемендигин бузганын белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар