Берлин дубалы мындан 25 жыл мурда кулатылган...

Германияда Берлин дубалынын кулашынын 25 жылдыгы ар түрдүү иш-чаралар менен белгиленүүдө.

186231
Берлин дубалы мындан 25 жыл мурда кулатылган...

Германияда Берлин дубалынын кулашынын 25 жылдыгы ар түрдүү иш-чаралар менен белгиленүүдө.
Борбор шаар Берлинде «Lichtgrenze» (Нур дубалы) аттуу иш-чаранын алкагында шаарды 1961-жылдан кийин 28 жыл бою экиге бөлгөн Берлин дубалы өткөн сызыктын 15 чакырымдык бөлүгүнө гелий газы толтурулган шарлар ташталды.
Миңдеген киши Федералдык Парламент (Бундестаг), Бранденбург капкасы, Checkpoint Charlie, East Side Gallery сыяктуу мурда Берлин дубалы өткөн бир топ борбордо уюштурулган «Нур дубалы» иш-чарасына катышышты. Немистер жана шаарга келген туристтер көргөзмөлөргө жана эскерме иш-чараларына чубашты.
Тарыхый Бранденбург капкасында бүгүн «Эркиндиктен тайманбайлы!» урааны менен элдик шаң-шапат уюштурулат.
Шаң-шапатта көп сандаган атактуу ырчы жана топ сахнага чыгат. Чыгыштан Батыш Берлинге качып бара жатканда каза болгондор да эскериле турган программанын акырында «Нур дубалы» иш-чарасындагы шарлар асманга учурулат.
Германиянын премьер-министри Ангела Меркель да Дубалдын эстелик музейинде өткөрүлө турган иш-чарага катышат.
Мурдагы Советтер Союзунда мамлекеттик секретар болгон Михаил Горбачевдун «гласность» жана «перестройка» саясатынан кийин Польшадагы профсоюз кыймылдары менен мурдагы Чыгыш блогунда башталган реформа процесси, 1989-жылы Венгрия жана Чыгыш Германияга да таасирин тийгизди. Чыгыш Германияда адамдар эркиндик үчүн 1989-жылдын жай айларында көчөлөргө чыкты. Бул митингдердин жыйынтыгында 1989-жылы 9-ноябрда эл Берлинди 28 жыл бою бөлгөн «Уят дубалын» кулатты. Бул эки Германиянын биригүүсүнө жол ачты.
Чыгыш Германия режиминдеги көп сандаган киши чек араны жана мындайча айтканда Берлин дубалын аттап өтүп жатканда өлтүрүлгөн. Каттоолорго караганда бул сан 136 деп белгиленсе да каза болгондордун саны дагы көп болгону божомолдонууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар