Франция Палестина чечимин чыгарды

Франция Палестинанын расмий түрдө таанылышы үчүн аракет кыла баштады.

182392
Франция Палестина чечимин чыгарды

Франция Палестинанын расмий түрдө таанылышы үчүн аракет кыла баштады.
Бийликтеги социалисттик партиянын эл өклүлү Палестинанын расмий түрдө таанылышы үчүн парламентке сунушун берди.
«Франс-24» телеканалы Англия парламентинен кийин, сөзү болгон сунуш менен Франция парламенти да өкмөттүн Палестинанын таанылышын талап кыла турганын жарыялады.
Француз телеканалы, парламенттин Франциянын Палестинаны таанышын, кагылышууларга чечим табууну издөөлөрүндө жардамчы элемент катары колдонууну максаттаганын билдирди. Сенаттын да ошондой мамиледе болушу күтүлүүдө.
Парламентте тышкы иштер министри Лорен Фабиус менен сунушту жасай турган эл өкүлдөрүнүн эртең жолугушуу өткөрүшү пландалууда. Фабиус андан мурдагы жарыясында, Франциянын Палестинаны тааный ала турганын да айтты.
Парламентке сунуштала турган сунуштун алдыбыздагы жумаларда парламенттин жалпы кеңешинин күн тартибине келе турганын ал эми өкмөттүн бул темада акыркы чечим чыгаруусунун дагы көпкө созула турганын белгилеген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар