БУУ эл аралык коомчулукту качкындар темасында эскертти

БУУ эл аралык коомчулуктан сириялык баш калкалоочуларды кабыл алган өлкөлөргө чоң көлөмдө жардам берилишин талап кылды.

174919
БУУ эл аралык коомчулукту качкындар темасында эскертти

Бириккен Улуттар Уюму сириялык качкындарга кучак жайган өлкөлөргө колдоо чакырыгын салды.
БУУнун адам укуктары боюнча координация кеңсеси, эл аралык коомчулуктан сириялык баш калкалоочуларды кабыл алган өлкөлөргө чоң көлөмдө жардам берилишин талап кылды.
Анда, «Сириялык качкындарды кабыл алган өлкөлөрдү мактоо жетиштүү болбойт. Эл аралык коомчулуктун бул жүктү бөлүшүүсү зарыл»,-деген сүйлөм орун алды.
Иордания, Түркия жана Ливандын акыркы баскычтарына жеткенин белгилеген жарыяда, жардам убадасын берген өлкөлөрдөн кыш мезгили жакындап калган ушул күндө убадаларын орундатуусу талап кылынды.
Түркиянын сириялыктарды коноктоосуна да токтолгон жарыяда, «Түркия качкындар үчүн 1 миллиард доллар каржылады, бирок бул туруктуу болгудай абал эмес»,-деп айтылды.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар