Түрк Кызылайы Багдадда

Фарук Каймакчы Түрк Кызылайынын азык-түлүк жардамдарын телафердик түркмөн көчмөндөргө таркатты.

173952
Түрк Кызылайы Багдадда

Түркия эми Ирактын борбор шаары Багдадда жашоо үчүн күрөшүп жаткан түркмөндөргө жардам берүүдө.
Түркиянын Багдаддагы элчиси Фарук Каймакчы Түрк Кызылайынын азык-түлүк жардамдарын Багдаддагы «Нехреван» лагериндеги телафердик түркмөн көчмөндөргө таркатты.
Гуманитардык жардам иш-чарасы Багдад губернаторлугу жана Түрк Кызылайы менен түзүлгөн кызматташтыктын алкагында аткарылды.
Багдад элчиси Каймакчы үйлөрүнөн ажырап калган түркмөн туугандарыбыздын абалдарын бир аз да болсо жеңилдетүү үчүн ошол жерге баргандарын белгилеп, Түркиянын колунан келген жардамын жасап жатканын айтты.
Өлкөнүн алдыңкы түркмөн саясатчыларынан Аль Ахрар Биримдигинин мүчөсү Февзи Акрам Терзи да жардам иш-чарасына катышкандардын арасында эле.
Ирактын расмий органдары, өздөрүнө бул кыйын күндөрдө жардам берген Түркияга ыраазычылыгын билдиришти.
Түркиянын Ирактын Түндүгүндөгү жерлеринен ажыраган түркмөндөргө карай жардамдары уланууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар