Эболага каршы чара көрүүлөр

Батыш Африка өлкөлөрүнөн АКШга бара турган жүргүнчүлөр өлкөгө белгиленген аэропорттордон гана кире алышат.

165974
Эболага каршы чара көрүүлөр

Америка Кошмо Штаттарында эболага каршы чаралар күчөтүлдү.
Американын Ички коопсуздук министрлиги эбола оорусу менен күрөшүп жаткан Батыш Африка өлкөлөрүнөн АКШга бара турган жүргүнчүлөрдүн мындан кийин 5 гана аэропорттон өлкөгө кирүүсүнө уруксат берди.
Батыш Африка өлкөлөрүнөн келген жүргүнчүлөр эми Нью-Йорк, Вашингтон, Чикаго, Атланта жана Нью-Жерсиде белгиленген аэропорттордон гана өлкөгө кире алышат.
Аты аталган 5 аэропорттогу күчөтүлгөн эбола текшерүүсүнүн себебинен чыгарылган чечим, шаршемби күнүнөн тарта ишке ашырылат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар