Эрдоган менен Ахмадзайдын жолугушуусу

Эрдоган менен кесиптеши Ахмадзайдын жолугушуусунда аймактагы акыркы абал менен катар Түркия-Афганстан-Пакистан үчтүк механизми сүйлөшүлдү.

162373
Эрдоган менен Ахмадзайдын жолугушуусу

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын Афганстанга колдоосунун улана турганын айтты.
Эрдоган бир күндүк сапар менен Афганстанга барды.
Президент Режеп Таййип Эрдоган менен кесиптеши Ашраф Гани Ахмадзайдын жолугушуусунда аймактагы акыркы абал менен катар Түркия-Афганстан-Пакистан үчтүк механизми сүйлөшүлдү.
Өзгөчө террор менен күрөшүү темасындагы колдошуунун абдан маанилүү болгонун баса белгилеген Эрдоган: «Шайлоолордо Пакистандын чек ара капкаларынан террор элементтеринин өтүүсүнө бөгөт коюш үчүн көргөн чаралары ыраазы кылды. Бул чара көрүүлөр Афганстанда шайлоонун тынч өтүшүнө өбөлгө түздү»-деди.
Түркия-Пакистан-Афганстандын ортосундагы колдошууга маани бергендерин баса белгидеген Эрдоган, таштала турган дагы көп кадамдар бар экендигин жана чыгарыла турган натыйжалар бар экендигин белгилеп өттү.
Үчтүк механизмдин мындан кийинки саммитинин 2015-жылы Стамбулда өткөрүлүшүн талап кылган Түркиянын, Афганстанды күчтүү колдоосу уланууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар