Орусия менен Украинанын президенттери жолугушушту

Украина менен Орусиянын президенттеринин ортосунда орчундуу сүйлөшүү өткөрүлдү.

160490
Орусия менен Украинанын президенттери жолугушушту


Владимир Путин менен Петр Порошенко Украинанын чыгышындагы атышууларды токтотуу күн тартиби менен Италиянын Милан шаарында жолугушушту.
Европа жана Азиянын лидерлеринин саммити үчүн Миланга барган эки лидердин жолугушуусуна Европа Биримдигинин лидерлери да катышты.
Италиянын премьер-министри Маттео Рензи сүйлөшүүнүн жакшы өткөнүн бирок пикир келишпестиктердин уланып жатканын айтты.
Жолугушууга оң баа берген Англиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон да, Орусиянын бөлүнгөн Украина каалабаганын ачык түрдө айтканын сөз кылды.
Кремлдин катчысы болсо, сүйлөшүүлөрдө жаңылыш түшүнүшүүлөр жана келишпестиктер болсо да уланганын айтты.
Саммиттен кийин Орусиянын президенти Владимир Путин, Англиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон, Германиянын канцлери Ангела Меркель жана Франциянын президенти Франсуа Олланддын Украина кризисине байланыштуу сүйлөшүүлөрүн уланта тургандары билдирилди.

Батыштык өлкөлөр Крымды аннекциялаган Орусияга Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдерге колдоо көрсөткөндүгү себеби менен санкцияларды киргизишкен болчу.
Украина менен Орусиянын ортосундагы газ келишпестиктиги, газынын бир бөлүгүн Украина аркылуу Орусиядан алган Европа Биримдигин да жакындан кызыктырууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар