Укук жана эркиндиктер кыймылы партиясы акчалай жазага тартылды

Партиянын жетекчиси Лүтфи Местан шайлоо үгүттөөлөрү убагында шайлоо мыйзамынын тил боюнча тыюу салуусунун, Европа Биримдигинин мыйзамдарына терс экенин айткан болчу.

159296
Укук жана эркиндиктер кыймылы партиясы акчалай жазага тартылды


Болгарияда 5-октябрда өткөрүлгөн парламенттик шайлоо үчүн үгүттөө иштеринде болгар тилинен башка тил колдонууга тыюу салынгандыгынын себебинен мүчөлөрүнүн көпчүлүгүн түрктөр түзгөн Калк жана эркиндиктер кыймылы партиясы 4 жазага тартылды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине ылайык Калк жана эркиндиктер кыймылы партиясынын жетекчиси Лүтфи Местан менен партиянын Бургаздагы эл өкүлү Хүсейин Хафызов акчалай жазаларга тартылды. Жазалардын суммасы кийинчерээк белгиленет.
Калк жана эркиндиктер кыймылы партиясынын жетекчиси Лүтфи Местан шайлоо үгүттөөлөрү убагында шайлоо мыйзамынын тил боюнча тыюу салуусунун, Европа Биримдигинин мыйзамдарына терс экенин айткан болчу.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар