АКШда коалициянын аскер башчылары чогулду

АКШда коалициянын аскер башчылары ИШИМге каршы орчундуу чечимдерди чыгарды.

157437
АКШда коалициянын аскер башчылары чогулду

АКШ жана 21 коалиция өлкөсүнүн аскердик лидерлери ИШИМге каршы күрөшүүнү сүйлөшүү үчүн Вашингтондо чогулду.
Жыйналышка катышкан аскердик лидерлердин бул иш-чаранын аскердик жагынын ийгиликке салым кошо тургананына көңүл бурганы, бирок өзү жалгыз күрөштү жыйынтыкка жеткире албай турганы ой-пикиринде бирдей көз карашта болгону белгиленди.
АКШнын президенти Барак Обаманын да бир бөлүмүнө катышкан жыйналыш «Андрев» аскердик базасында өттү.
Жыйналыштан кийин АКШнын башкы штабынын төрагасы Мартин Демпси Түркиянын атынан жыйналышка катышкан башкы штабдын кыймыл штабынын башчысы, генерал польковник Эрдал Өзтүрк менен бир топко сүйлөштү.
Пентагондун жооптууларына караганда АКШнын жол башчылыгындагы коалициянын аскердик лидерлери «ИШИМ коркунучуна каршы аба жана кургактык кыймылдарынын интеграциясы жана керектүү булактардын камсыздалышы» сыяктуу темаларларда дагы терең макулдашууну камсыздоо үчүн жолугушту.
Аскердик лидерлерге караганда ИШИМ менен күрөшүү иш-чарасынын аскердик жагынын өзү жалгыз күрөштү жыйынтыкка жеткирбей турганындыктан, коалициянын аскердик күчү ийгиликке жетишүүсүн камсыздайт.
Коалициянын ИШИМге байланыштуу чындыктарды өткөрүү менен катар ИШИМдин кыймылдары жана алааматы темасындагы маалыматтандырууну артыруу үчүн социалдык медиа жана массалык маалымат каражаттарынан пайдаланууну дагы таасирдүү кылуу чечимин чыгарганын белгилеген.
Аскердик лидерлердин ИШИМ менен күрөштө илгерилөөнү камсыздоо үчүн тийиштүү өкмөттөрдүн сунуштарды жасоосу жана кыймыл кылуу темасында макулдашылганы да белгиленген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар