БУУнун эбола тууралуу чакырыгы

Дэвид Наборро да биринчи жолу ушундай эпидемия менен кездешилгенин жана жайылуу ылдамдыгынын абдан ылдам экенин баса белгиледи

153222
БУУнун эбола тууралуу чакырыгы

БУУнун Жалпы Кееңшинин төрагасы Сам Кутеса эбола менен күрөшүү үчүн эл аралык жардамдашуу иш чараларын күчтөндүрүүгө чакырды. Сам Кутесп эбола тууралуу өткөрүлгөн жыйында эпидемиянын аймактык бир маселе болуудан чыгып глобалдык бир маселеге айланганына көңүлдөрдү буруп, чукул түрдө күрөшүүнүн күчтөндүрүлүшү керектигин баса белгиледи.
БУУнун баш катчысынын эбола тууралуу атайын өкүлү Дэвид Наборро да биринчи жолу ушундай эпидемия менен кездешилгенин жана жайылуу ылдамдыгынын абдан ылдам экенин баса белгиледи. Набарро оорулуулардын ар бир үч – төрт жумада эки эсеге чыгып жатканын белгиледи. БУУнун баш катчысынын орун басары Жан Элиссон да уюмдун эбола менен күрөшүү үчүн каалаган 1 миллиард доллардын бир гана төрттөн бир бөлүгүнүн чогултулганын белгиледи. Адистердин СПИДден кийинки эң чоң эпидемия деп мүнөздөгөн эболанын айынан март айында Батыш Африкада ортого чыгуусунан бери 4 миңден ашуун киши каза болгон.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар