ИШИМ менен кагылышуулар

Шаардагы куралдуу күрт топтору Кобаниде электрлердин үзүлгөнүн билдирди

148484
ИШИМ менен кагылышуулар

Коалиция күчтөрүнүн Сирия жана Ирактагы ИШИМ буталарына жасаган абадан кол салуулары ИШИМди токтотууда таасирдүү боло албай жатат. ИШИМ террористтери 3 тараптан Айн Ел Араб деп да билинген Кобаниге жакындап келе жатат. Террористтер шаарды түнү менен бомбалап, ракеталык кол салуу жасашты.
Шаардагы куралдуу күрт топтору Кобаниде электрлердин үзүлгөнүн билдирди.
ИШИМдин Кобаниден чыкканы боюнча көрүнүштөр жарыяланды. Күрт топтору шаардын кулабаганын, катуу кагылышуулардын улантылып жатканы кабар берилди. Сирия режими да оппозициячыл топторго карата абадан кол салууну күчтөндүрдү.
Сирия согуштук учактарынын Хама, Идлиб, Халеп жана Дамаск тегерегиндеги оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү аймактарга бомба жаадырганы маалымат берилди.
Иракта болсо Багдатта 140 километр алыстыктагы Хит шаарында мэриянын имаратында көзөмөлдүн ИШИМ террористтеринин колуна өткөнү билдирилди. Шаарда курчалган Ирак коопсуздук күчтөрүнүн акыбети болсо азырынча билине элек. Америка жана англис согуштук учактары Багдаттын тегереги, Мусул, Феллуже, Рамади жана Синжарда ИШИМ буталарын аткылады. Ошол эле учурда Австралия Иракка атайын машыктырылган аскер жиберүү жана абадан жүргүзүлө турган операцияларына кошулуу чечим чыгарды. Данияда да парламент Ирактагы операцияларга катышуу үчүн 7 согуштук учак жиберүү чечимин бекитти. Кувейтте жайгаштырыла турган учактардын жолго чыкканы белгиленди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар