ИШИМге жаңылыштык менен жардам берилди

Ок-дарылар жаңылыштык менен ИШИМ террористтерине ташталган.

147263
ИШИМге жаңылыштык менен жардам берилди


Америка Кошмо Штаттары жана шериктештеринин колдоосу менен ИШИМге каршы күрөшүп жаткан Ирак армиясы чоң жыңылыштык кылды.
Жардам жана ок-дарылардын чек арадагы ирактык аскерлердин ордуна абадан ИШИМ террористтерине ташталганы билдирилди.
Ирактык бир жооптуу бул окуянын Анбар провинциясында болгонун билдирди.
«Ирактык аскерлер бул жардамга муктаж болчу»,- деген ирактык жооптуу: «Жардамдар жаңылыш пландоонун себебинен биз менен согушуп жаткан ИШИМ террористтерине берилди»,- деди.
19-сентябрда болгон окуяга байланыштуу Ирактын Коргоо министрлигинин териштирүү баштатканы билдирилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар