Рухани Иранга киргизилген санкцияларды сынга алды

Рухани БУУнун Коопсуздук кеңешинде сөз сүйлөдү.

140198
Рухани Иранга киргизилген санкцияларды сынга алды

Ирандын президенти Хасан Рухани өлкөсүнө киргизилген санкцияларды сынга алып, атомдук сүйлөшүүлөр боюнча эскертти.
Рухани БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги сөз сүйлөөсүндө: «Иранга киргизилген санкциялардын уланышы калкка жасалган жаңылыштыктын уландысы болот»,-деди.
Атомдук маселени чечүүнүн жалгыз жолу сүйлөшүү экенин белгилеген Рухани, сүйлөшүү үстөлүнө коркутуулар жана санкциялардын негизинде отурбагандарын баса белгиледи.
Иран менен макулдашуу түзүлсө аймак өлкөлөрү менен катар ар кимге пайдалуу боло турганын баса белгилеген Рухани: «Биз Ирандын жерлеринде уран байытуу жана башка атомдук укуктарды камтыган тынчтыкчыл энергия программабызды улантууга чечкиндүүбүз»,- деп кошумчалады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар