Орусия - Украина жаратылыш газ кризиси

Орусия Украинанын карыздарын төлөбөшүнөн улам июнь айында газ өткөрүүнү токтоткон

140871
Орусия  - Украина жаратылыш газ кризиси

Украинанын чыгышында ок атууну токтотуу процессин турмушка ашырууга аракет кылган Орусия жана Украина башка бир кризиске жол ачкан жаратылыш газ маселесин сүйлөшүү үчүн Германиянын борбор шаары Берлинде жолугушууда. Орусия жана Украинанын энергетика министрлери менен Европа Биримдигинин жетекчилери катышкан жолугушууда Москванын жаратылыш газ бааларын көтөрүшү жана Киевдин карыздары сөз болду.
Орусия Украинанын карыздарын төлөбөшүнөн улам июнь айында газ өткөрүүнү токтоткон.
Москва Киевдин 5 миллиард 300 миллион доллар карызы бар экенин билдирди. Жаратылыш газдын 15 пайызын Украина аркылуу Орусиядан алган Европа Биримдиги маселе менен жакындан алектенүүдө. Берлиндеги сүйлөшүүлөрдө чыга турган жыйынтыктар күтүлүп жатканда Венгрия Украинага газ өткөрүүнү токтотту. Орусиянын энергетика министри Александр Новак болсо Европа өлкөлөрүнүн Орусиядан алган жаратылыш газды Украинага кайрадан экспорттоосунун мыйзамдуу эмес экенин, жаратылыш газ агымынын үзүлүшү мүмкүн экенин айтты.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар