Иран менен Англиянын ортосунда тарыхый жолугушуу...

Ирандын президенти Хасан Рухани Англиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон менен жолугушту.

137615
Иран менен Англиянын ортосунда тарыхый жолугушуу...


Иран төңкөрүшүнөн кийин биринчи жолу Ирандын президенти менен Англиянын премьер-министри жолугушуп сүйлөштү.
Эки өлкөнүн жогорку мартабалуу жетекчилерин 35 жылдык мөөнөттөн кийин кезиктирген жолугушуу Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйындарынын алкагында өткөрүлдү.
Ирандын президенти Хасан Рухани Англиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон менен жолугушту.
Эки лидердин атомдуктук сүйлөшүүлөр менен катар эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарды өнүктүрүү темасында макулдашткандары белгиленди.
Иран менен Англиянын ортосундагы карым-катнаштарда акыркы мезгилдерде оңолуу байкалса Англия өткөн июнь айында Тегеран элчилигин кайрадан ачуу чечимин чыгарган болчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар