Олланд менен Рухани жолугушту
Жолугушууда Ирандын атомдук программасы жана терроризм менен күрөшүү темалары сүйлөшүлдү.
136266
Франциянын президенти Франсуа Олланд БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйындары үчүн Нью-Йоркко барган Ирандын президенти Хасан Рухани менен жолугушту.
Олланд Руханиге Ливан, Сирия жана Ирактагы кризистин саясий жолдор менен чечилүүсү үчүн ар түрдүү колдоого муктаждык бар экенин айтты.
Олланд Рухани менен Ирандын атомдук программасы жана терроризм менен күрөшүү темаларын сүйлөшкөндөрүн белгиледи.
Атомдук келишимге тез арада кол коюлушун каалаганын сөз кылган Олланд, Ирандын ядролук куралдарга ээ болгусу келбегенин далилдөөгө чакырды.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718745598)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.