Батыш Африкада эболадан 2600дөн ашуун киши каза болду

Эбола коркунучу күчөп баратат.

134310
Батыш Африкада эболадан 2600дөн ашуун киши каза болду

Батыш Африкада эболанын себебинен каза тапкандардын саны 2600дөн ашты.
Бул ооруну жугузуп алгандардын саны 3 жумада эки эсе көбөйдү.
Сьерра-Леонеде оорунун жайылышын алдын алуу үчүн акыркы чара көрүү ишке ашырылууда.
6 миллион калктуу өлкөдө 3 күн бою саламаттык сактоо кызматкерлери жана коопсуздук күчтөрүнөн тышкары эч ким көчөгө чыккан жок.
Бирок 3 күндө 56 кишинин ооруп калганы катталды. 30дан ашуун кишинин да анализ жыйынтыктары күтүлүп жатат.
Көчөгө чыгууга тыюу салуунун алгачкы эки күнүндө 92 киши каза тапты. Жооптуулар ар бир үйдү кыдырып каза тапкандардын санын аныктоого аракет кылышууда.
Калкты маалыматтандырууну максаттаган кызматкерлердин бардык үйгө кире албаганын белгилешкен жооптуулар, көчөгө чыгууга тыюу салуунун узартылышы мүмкүн экенин билдиришти.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар