АКШнын Түркияга сереп салуусу

ИШИМге каршы глобалдык коалиция киришүүлөрүнө Түркия узак турганына карабай ПЕНТАГОНдон Түркияга карай маалымат келди.

126941
АКШнын Түркияга сереп салуусу

ИШИМге каршы глобалдык коалиция киришүүлөрүнө Түркия узак турганына карабай Коргоо министрлиги ПЕНТАГОНдон Түркияга карай маалымат келди.
Американын Коргоо министрлигинин катчысы Жон Кирби Ирак-Шам Ислам мамлекти уюму (ИШИМ) менен күрөшүү темасында Түркиянын салым кошо турганын айтты.
Кирби мунун кантип жана качан боло турганына түрк лидерлердин жана түрк калктарынын токтом чыгара турганын белгиледи.
Коргоо министрлигинин катчысы Жон Кирби Пентагондо өткөргөн маалымат жыйынында, Түркиянын Сауд Арабстанда болгон террор менен күрөшүү жыйналышынын жыйынтык билдирүүсүнө кол койбоосуна баа берди.
Жон Кирби Түркиянын НАТОнун шериктеши экенин эске салып, ИШИМ менен күрөшүү темасында Түркиянын өз салымын кошо турганын айтты.
Кирби: «Жалгыз гана географиялык абалынан улам бул аракеттин бир өнөктөшү болот. Өздөрү дагы аскердик операцияда боло тургандарын, операцияда орун алгысы келгендеринин белгисин беришти. Бирок мунун кандай жана качан жасала турганы, качан билдириле турганы түрк лидерлерине жана түрк калкына байланыштуу. Муну биз текшере албайбыз»,-деп айтты.
Катчы Түркиянын ИШИМге каршы аскердик операцияга эч бир салым кошпоосу АКШ үчүн санааркатуучу жагдай эмес экенин да белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар