Эрдоган Катарга иш сапары менен барды

Жолугушууларда Сирия менен Ирактагы кырдаал, эки тараптуу карым-катнаштар жана энергетика кызматташтыгы темалары алдыңкы планга чыгууда.

126661
Эрдоган Катарга иш сапары менен барды

Президент Режеп Таййип Эрдоган Катарга сапарынын экинчи күнүндө Катардын эмири шейх Темим бин Хамед Аль Сани тарабынан салтанаттуу түрдө тосулуп алынды.
Андан кийин президен Эрдоган менен Хамед Аль Сани өз алдынча жолугушкандан кийин делегациялар аралык жолугушууларга жетекчилик кылышты.
Жекеме-жеке жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин Катардын эмири президент Эрдогандын урматына түшкү сый тамагын берди. Сый тамакка энергетика жана жаратылыш байлыктары министри Танер Йылдыз, чалгындоо кызматынын кеңешчиси Хакан Фидан, мурдагы транспорт, деңизчилик жана байланыш министри Бинали Йылдырым да катышты.
Жолугушууларда Сирия менен Ирактагы кырдаал, эки тараптуу карым-катнаштар жана энергетика кызматташтыгы алдыга чыгууда.
Сапар убагында 1,2 миллиард метр кубдук жаратылыш газ келишимине кол коюлушу да күтүлүүдө. Бул келишим Анкара үчүн абдан маанилүү.
Президент Эрдоган сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин Анкарага кайтып келет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар