«Ирак-Шам Ислам мамлекети» уюму менен күрөшүү планы

АКШнын максаты ИШИМди жок кылуу

122179
«Ирак-Шам Ислам мамлекети» уюму менен күрөшүү планы

АКШнын президенти Барак Обама «Ирак-Шам Ислам мамлекети» уюму (ИШИМ) менен күрөшүү планын жарыялады.
Обама ИШИМди 4 баскычтуу стратегия менен жок кылууну максаттоодо.
Обама АКШ үчүн ИШИМ чоң коркунуч экенин айтты. ИШИМдин террордук топ экенин баса белгилеп, бул уюмдун мүчөлөрүнүн Ислам менен тиешеси жок экенин кайталады.
Обама «Ислам мамлекети» уюмуна каршы системалуу абадан кол салуулардын улана турганын, максаттарынын ИШИМди жок кылуу экенин билдирди.
Ушул күнгө чейин 150дөн ашуун бутага операция жүргүзгөндөрүн баяндаган Обама, Ирак же Сирияда ИШИМ менен эч тайманбастан күрөшө турганын сөз кылды.
Американын президенти, Иракка дагы 475 аскердин жөнөтүлө турганын баяндады.
Аскердик бөлүктүн согуштук күч болбой турганын айтып, алардын билим алуу жана чалгындоо максаттуу кызмат өтөй тургандарын билдирди.
Барак Обама ИШИМ коркунучун жок кылуу убакытты талап кылаарын жана аймакка гуманитардык жардамдардын улана турганын кошумчалады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар