АКШ ИШИМге каршы стратегиясын жарыялайт

АКШнын Президенти Барак Обама Ирак-Шам Ислам мамлекети уюму (ИШИМ) менен күрөшүү стратегиясынын шаршемби күнү жарыялана турганын билдирди.

119424
АКШ ИШИМге каршы стратегиясын жарыялайт

Ирак-Шам Ислам мамлекети уюмуна (ИШИМ) карай операцияларын ылдамдаткан Америка Кошмо Штаттары күрөшүү стратегиясын жарыяланга камынууда.
Стратегиянын аймакка Америка аскеринин жөнөтүлүшүн камтыбаганын жарыялаган Обама, бул багыттагы пикирлерди «чоң бир ката» катары мүнөздөдү.
ИШИМ менен күрөшүү стратегиясынын аскердик жагы менен катар экономикалык жана саясий элементтерди да камтыганын түшүндүргөн Обама, келээрки айларда ИШИМдин жеңиле турганын белгиледи.
Обама ИШИМге каршы Конгресстен керектүү ыйгарым укукту ала турганына ишенгенин сөз кылды.
Обама күрөшүү боюнча Түркия, Сауд Арабстан, Бириккен Араб Эмирликтери жана Иордания сыяктуу суннит өлкөлөрдүн «кадам таштоолоруна» муктаждык болгонун белгиледи.
Президент Обама: «Алардын бул маселеде ойной турган ролу чоң»,-деп айтты.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар