Порошенко менен Путиндин сүйлөшүүсү

Минскте үчтүк байланыш тобунун кеңешүүлөрүнөн кийин кол коюлган «Тынчтык» протоколуна байланыштуу пикир алмашкандары белгиленди.

116659
Порошенко менен Путиндин сүйлөшүүсү

Украинанын чыгышында жума күнү ок атпоо жарыя кылынгандан бери Украинанын президенти Петр Порошенко жана Орусиянын президенти Владимир Путин кечээ кечинде телефондо сүйлөшүү өткөрүштү.
Украинанын президенттик маалымат борбору маалымдагандай Порошенконун Путин менен болгон сүйлөшүүсүндө Минскте үчтүк байланыш тобунун кеңешүүлөрүнөн кийин кол коюлган «Тынчтык» протоколуна байланыштуу пикир алмашканы белгиленди.
Анда, телефондогу сүйлөшүүдө эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын да тараптардын ортосунда камсыздалган ок атпоо процессине жалпысынан баш ийилгени темасында макулдашкандары сөз кылынганы белгиленди. Анда Порошенко менен Путин ок атпоо процессинин туруктуулукка айланышы үчүн таштала турган кадамдарды сүйлөшкөндөрү билдирилди.
Тараптардын ок атпоо процессинин текшерилиши жана абалдын байкоого алынышы үчүн ЕККУнун кошулушу керектиги сөз кылынган жарыяда, айрыкча гуманитардык жардамдардын аймакка жеткирилиши темасында кызматташтык маселелеринин каралып чыкканы белгиленди.
Беларустун борбор калаасы Минскте жума күнү жолугушкан «Украина-Орусия-ЕККУ» үчтүк сүйлөшүү тобунун жыйналышына катышкан Украинанын экс президенти Леонид Кучма Орусиянын Киевдеги элчиси Михаил Зубаров менен Луганск жана Донецк элдик республикаларынын жооптуулары, саат 18:00ден баштап ок атпоонун жарыяланышы жана барымтадагылардын айырбашталышы тууралуу алдын ала протоколго кол коюшкан. Мындан кийин мамлекет башчы Петр Поршенко да Украинанын куралдуу күчтөрүнө саат 18:00ден баштап ок атпоо буйругун бергенин жарыялаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар