Газада каза тапкандардын саны 2 миң 149га жетти
Израилдин Газага карай кол салууларында жараланган палестиналыктардан дагы бирөө каза болду.
Газада каза тапкандардын саны 2 миң 149га жетти.
Каза тапкандардын 579у болсо балдар.
Израилдин Газа тилкесине карай кол салууларында жараланган палестиналыктардан дагы бирөө каза болду.
Израилдин 7-июлда башталган жана 26-августка чейин созулган Газага карай кол салууларында каза тапкандардын саны 2 миң 149 кишиге жетти.
Газадагы Саламаттык сактоо министрлигинин катчысы др. Эшреф аль-Кудра Анадолу агенттигине берген маалыматында, Израилдин Газага кол салуулары убагында оор жараланган палестиналык Насыр Эбу Мерахилдин дарыланып жаткан ооруканада каза тапканын белгиледи.
Израилдин 51 күнгө созулган кол салууларынан кийин Египеттин арачылыгында Каирде жүргүзүлгөн ок атпоо сүйлөшүүлөрүндө палестиналык топтор менен макулдашылган келишимдин алкагында 26-августта ок атпоо чечими чыгарылган болчу.
Тектеш кабарлар
Израилдик министр: "Газа жок кылынсын"
Безалел Смотрих, Согуш Кеңешинин жыйынынан кийин X социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.