Чек арасыз дарыгерлер уюму эбола боюнча эскертти

Чек арасыз дарыгерлер уюму эбола вирусу менен күрөшүү жетээрсиз болуп жаткандыгын билдирди.

112887
Чек арасыз дарыгерлер уюму эбола боюнча эскертти

Чек арасыз доктурлар уюму дүйнөнүн эбола менен күрөшүүдө жеңилип баратканы менен эскертти.
Эбола оорулары үчүн түзүлгөн клиникалардын дарылоочу борбор болуунун ордуна кудум эле өлүмгө түртүлгөн борборлорго айланганына көңүл бурган уюм, оору менен күрөшүү үчүн жалгыз эле жарандарды эмес, армияларды да кызматка чакырды.
Армиялардын биологиялык согуш бөлүктөрүнүн жана жарандардын күчтөрүн бириктирүүлөрүн талап кылган Чек арасыз дарыгерлер уюму, батыштык өлкөлөрдү да «эболаны территориябызга киргизбейли» сыяктуу иш-чаранын тышында аракет кылбай жаткандары менен күнөөлөдү.
Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму да оорунун жайылуусу дагы да ылдамдай турганы боюнча эскертти.
Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун жетекчиси Маргарета Чэнь глобалдык колдоо көрсөтүү чакырыгын таштап, ушул убакка дейре көрсөтүлгөн аракеттердин жетээрсиз болгонуна көңүл бурду.
Оору көрүнгөн өлкөлөргө кошуна өлкөлөрдүн чек араларын жапканын сындаган Чэнь, бул абалдын жардам жана адис жиберилишине тоскоол болгонун белгиледи.
Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму эболанын дагы 6-9 ай жайылаарын жана ушул убакта 3 миңге жеткен оорукчал санынын 20 миңге жетеерин божомолдоодо.
Бир тараптан Либерияда ооруканада иштеген америкалык бир доктурдун дагы эбола вирусун жугузуп алганы билдирилди.
Либерияда ачка калган оорулуулар тамак аш табуу үчүн карантинге алынган зоналардан качууда.
Сенегалдык бир окуучу да Гинеден жугузуп алган вирусту Сенегалга кайтканда Дакарга алып барды.
Сенегалда элдин дүкөндөрдөгү тазалык заттарын талай баштаганынан, колду дезинфекциялоочу заттар жокко эсе.
Оору жайылган өлкөлөрдө талаада иштей турган жумушчу табылбай жатат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар