10 өлкөнү ат менен кыдырды

Филипе Масетти ат менен 10 өлкөнү кыдырып, 16 миң километр жол басып Канадага кайтып барды

112386
10 өлкөнү ат менен кыдырды

Канаданын Калгари шаарында жашаган ковбой Филипе Масетти ат менен 10 өлкөнү кыдырып, 16 миң километр жол басып Канадага кайтып барды.
Түштүк Америкадан бала кезде үй – бүлөсү менен бирге көчмөн катары келген Канадада журналистика боюнча билим алган 27 жаштагы Масетти берген маалыматында Латын Америкадагы наркотикалык заттар менен күрөшүүгө көңүлдөрдү буруу үчүн ушундай жүргүнчүлүккө чыкканын айтты.
2012 – жылы июль айында чыккан жүргүнчүлүгүндө Брузер, Френч жана Дуде аттуу аттары менен Канададан Мексикага ал жерден да Бразилияга чейин 16 миң километр жол басып өткөн Масетти башынан өткөргөндөрдү да даректүү фильмге айландыдарын белгиледи.
Жолдо бир топ наркотикалык заттар барондорун тааныганын, кээ бирлеринин өзүн конок кылганын жана бир топ окуяга күбө болгонун айткан Масетти жүргүнчүлүгүнүн акырында 9 жыл мурда Бразилияга кайткан үй – бүлөсү менен жолугушканын айтты. Масетти жүргүнчүлүгү тууралуу китеп жана даректүү фильмдин келерки жылы жарыяланарын билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар