Иран куралданууну улантып жатат

Тегеран абадан коргонуу системасын күчтөндүрүүдө.

112137
Иран куралданууну улантып жатат


Тегеран башкаруусу өлкөнүн абадан коргонуу системасын күчтөндүрө турган жаңы ракета менен эки жаңы радардык система өндүргөнүн билдирди.
Ирандын Коргоо министрлигинин жарыясында, кургактыктан абага учурулган жаңы ракетанын, жогорку бийиктиктеги буталарды дагы оңой эле ата ала турганы белгиленди.
«Эмек-3» аттуу ракетанын сыноосу ийгиликтүү өткөнү баяндалды.
«Араш-2» жана «Кайхан» аттуу радар системаларынын болсо 150 километр алыстыктагы учкучсуз учуучу миниатюра учактарды жана башкарылуучу ракеталарды аныктай ала тургандары билдирилди.
Иран 2000-2500 километр аралыкка атуучу жана Израиль менен аймактагы АКШнын аскердик базаларын бомбалай ала тургандай күчтөгү ракеталарга да эгедер.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар