Израиль Газаны бомбалоосун токтото элек

Акыркы кол салууда 3ү мечиттен турган 30 жер бутага алынды.

101356
Израиль Газаны бомбалоосун токтото элек

Израилдин согуштук учактары Газага бомба жаадыруусун токтото элек.
Акыркы кол салууда үчү мечиттен турган 30 жер бутага алынды. Кеминде 9 киши каза таап, 13 киши жаракат алды.
Израилдин 7-июлдан берки кол салууларында каза болгондордун саны 2 миңден ашты, 10 миңден ашуун киши жаракат алды.
Каза болгондордун 500дөн ашууну балдардан турат...
Бир тараптан Газага кол салуулардын себебинен билим берүү жана окутуу башталбайт.
470 миң газалык окуучу кол салуулар толугу менен токтогондон кийин белгилене турган күндө мектепке барышат.
Бириккен Улуттар Уюмунун палестиналык качкындарга жардам боюнча мекемеси (UNRWA) мектептерине баш калкалаган миңдеген газалык үй-бүлө үчүн баш калай турган башка жер табууга аракет кылууда.
Газада 141 мектеп Израилдин кол салууларынан зыянга учураганы, булардан жыйырма экисинин толугу менен кыйраганы белгиленди.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар